logo
Loading...
Loading...
Loading...
Loading...
Loading...
Loading...
Loading...

Бигсер Түркияда өтетін ірі халықаралық аяқ киім сән көрмесіне қатысады

“Bigser” ата мекендик бренди Түркияда өтүп жаткан ири эл аралык бут кийим мода көргөзмөсүнө катышууда

 

“Bigser” ата мекендик бренди 4-сентябрдан 7-сентябрга чейин Стамбулда (Түркия) өтүп жаткан эл аралык AYMOD бут кийим жана тери буюмдары көргөзмөсүнө катышууда. Бул Европадагы мындай ири иш-чаралардын бири катары 71-жолу өткөрүлүүдө.



Көргөзмөдө өз продукцияларын Түркия, Германия, Гонконг, Греция, Индия, Иран, Италия, Кытай, Кыргызстан, Малайзия жана Россия сыяктуу өлкөлөрдөн 416 компания көрсөтүп жатат. Иш-чаранын уюштуруучусу - Түрк бут кийим өндүрүүчүлөр ассоциациясы 53 өлкөдөн 15 миңге жакын конокту күтүп жатат.



“Bigser” бул AYMOD көргөзмөсүнө үчүнчү жолу катышууда. Бул жолу компания бир нече коллекциясын, анын ичинде кыргызстандыктар жакшы көргөн “Shark” спорттук бут кийимин, футзал, бий, көркөм гимнастика үчүн бут кийимдерди жана башка көптөгөн продукцияларын сунуштады.

Бигсер Түркияда өтетін ірі халықаралық аяқ киім сән көрмесіне қатысады

07.11.2024